Ректордун кайрылуусу

Ректордун кайрылуусу

Ректордун кайрылуусу

Кымбаттуу достор!


Эл аралык медицина жана илим университетинин расмий сайтына
кош келиңиздер!
Университетибиз 2020-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө биз алдыбызга-
медициналык билимди, клиникалык илим менен инновацияларды
интеграциялап, маданий баалуулуктарды эске алуу, заманбап маалымат
технологияларын өнүктүрүү, билимди сактоо, жайылтуу жана иш жүзүндө
колдонуу системасынын негизинде, коомдун интеллектуалдык элитасын,
жаңы муундун дарыгерлерин даярдаган эң мыкты университет болууга
максат койдук.
Биз, ата мекендик медицинанын мыкты салттарын терең урматтайбыз,
кызматкерлерибиздин баа жеткис тажрыйбасын жана кесиптик чеберчилигин
пайдаланабыз жана студенттердин келечектеги кесиптик жана инсандык
өнүгүүсүнө түрткү берүү менен билимдин эң жогорку стандарттарын камсыз
кылабыз. Ийгиликтүү, талапчыл, прогрессивдүү, жогорку квалификациялуу
адистерди калыптандырууда, биз эң башкысы - дарыгер кесибинин улуу
гуманисттик маанисин сактайбыз жана мураскерлерибизге өткөрүп беребиз,
ошондой эле аларды адамдарга жан аябай кызмат кылууга тарбиялоону да
эстен чыгарбайбыз.
Биздин сайт сиз үчүн бардык керектүү маалыматтардын булагы, ал эми
кызматкерлер менен студенттер үчүн күнүмдүк ишинде жана окуусунда
пайдаланган негизги жардамчысы болот деп ишенем!
Эл аралык медицина жана илим университетинин сайтына кош келиңиз!


Урматтоом менен,
Али Ихсан